Бишкектин мектеп жана бала бакчаларында коркунучту билдирүүчү баскычтар орнотулат

Бишкектин мектеп жана бала бакчаларында коркунучту билдирүүчү баскычтар орнотулат. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, алар Ички иштер министрлигинин атайын кызматынын пульту менен байланыштырылат.

 

Бул максатта дээрлик 1 миллион сом каралды. Ленин районунда азыркы тапта 30 мектепте жана 18 бала бакчада мындай баскычтар пайда болду. Белгилеп кетсек, мындай иш-чара балдардын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынды.