Кыргызстанда блогерлер жана социалдык тармактардын колдонуучулары ЖМКга теңелиши мүмкүн

Кыргызстанда блогерлер жана социалдык тармактардын колдонуучулары ЖМКга теңелиши мүмкүн. Президент администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизип, аны коомдук талкууга чыгарды.

 

Ага ылайык, интернет айдыңында укуктук жөнгө салуу киргизилет. Тактап айтканда, интернетте маалымат тараткандын бардыгы, анын ичинде блогерлерге ЖМК макамы берилет.

 

Бул соцтармактардын колдонуучуларына дагы тиешелүү, анткени алар дагы маалымат таратуучулар болуп эсептелет.