Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 31 кыргызстандык каза тапты

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 31 кыргызстандык каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Ализа Солтонкулова билдирди.

 

Анын айтымында, учурга карата жабыркагандардын саны 154. Алардын 121 жай тургундар. 43 жабыркаган учак менен Бишкектин ооруканаларына жеткирилди.

 

Экөөнүн абалы өтө оор деп бааланууда. Кыргызстанда 1-2-май улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыяланды.