Чектөө чараларын Баткен облусу дагы киргизүүдө

Чектөө чараларын Баткен облусу дагы киргизүүдө. Өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укукутуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аймакта мечиттерде жума намазын окууга убактылуу тыюу салынды.

 

Ошондой эле элдин массалык чогулуусуна бөгөт коюлду. Коомдук тамактануу жайларында, дүкөндөрдө жана базарларда иштөө убактысы кыскарды. Талаптарды аткарбаган  коомдук транспорт айдоочулары каттамдан четтетилет, ал эми карантин эрежелерин сактабаган коомдук жайлардын жарыгы өчүрүлөт.