Артиллериялык куралды колдонуп 40 миң куб метр кар массалары атып түшүрүлдү.
Бул тууралуу Кыргыз гидрометтен novosti.kg ге билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкөдө катталган жаан-чачындан улам кар көчкүлөрдү атайы
атып түшүрүү зарылдыгы келип чыкты. Бишкек-Ош унаа жолунун 137-198 жана
255-чакырымдарында 30-январга чейин кар массаларын атайы атып түшүрүү иштери жүрөт.
Пландуу иштердин жүрүшүндө унаалардын жүрүүсүнө
аталган тилкелерде гана чектөө киргизилет, — дешти мекемеден.