Бишкектин жаңы конуштарынын тургундарына 5 миңден ашык техпаспорт берилди

Бишкектин жаңы конуштарынын тургундарына 5 миңден ашык техпаспорт берилди. Бул тууралуу 24 агенттигине “Кадастр” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпысынан 10 миң арыз келип түшкөн.

 

Аларды адистер бирден талдап, 8 миң 350 тилке изилденди, ал эми 1 миң 100 учур боюнча арыздар четке кагылды. Белгилеп кетсек, техпаспорт тилкени мыйзамдаштырууга толук укук бербесе дагы, бул жааттагы биринчи кадам болуп эсептелет.