Кыргызстандагы чет элдиктер үчүн “жашыл коридордун” мөөнөтү узартылды

Кыргызстандагы чет элдиктер үчүн “жашыл коридордун” мөөнөтү узартылды. Өлкө аймагында жүргөн чет элдик жарандар жана жарандыгы жоктор 2020-жылдын 1-июнуна чейин өлкөдөн чыгып кете алышат.

 

Бул убакыт аралыгында алардан каттоо кагазы жана виза талап кылынбайт. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бул Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими узартылганына байланыштуу кабыл алынган чара.