Жогорку окуу жайларга өтүү үчүн босого упай жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен орнотулат

Жогорку окуу жайларга өтүү үчүн босого упай жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен орнотулат. Бул тууралуу жогорку жана орто билим берүү башкармалыгынын адиси Айнура Асан кызы билдирди.

 

Анын айтымында, мурдагы 110 балл деңгээлинде дагы калышы толук ыктымал. Эске салсак, босого упай – бул жогорку окуу жайга келишимдик негизде окууга өтүү минимуму. Жалпы республикалык тестирлөө 24-майда башталып, 28-майга чейин уланат.