Биздин өлкө бийлиги Россияга пандемия убагында үзгүлтүккө учураган темир жол каттамын жандантууну сунуштады

Биздин өлкө бийлиги Россияга пандемия убагында үзгүлтүккө учураган темир жол каттамын жандантууну сунуштады. Бул тууралуу республиканын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

 

Ага ылайык, Бишкектен Москвага жумасына 2 жолу, Казань шаарына 1 жолу жана 8 күндө бир жүргүнчү ташуучу поездди Новосибирск калаасына жөнөтүү сунушталды.

 

Кыргызстандан Россияга поезддер Казакстан аркылуу каттагандыктан, Нурсултан менен дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эске салсак, бүгүнкү күндө кыргызстандыктар Россияга бир гана учак менен жете алат.