ЕАЭБ саммитинин катышуучулары Чолпон-Атага келе баштады

Ысык-Көл облусунда 19-20-августта боло турган Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин отурумуна катышуучулардын алды «Тамчы» эл аралык аэропортуна келе баштады. Алгачкылардан болуп, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын учагы көл жээгиндеги аба майданына конду. Андан кийин Беларустун өкмөт башчысы Роман Головченко келип түштү. Конокторду президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Кожоев, Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн коштоосунда тосуп алды.

19-20-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммити болот.
Жыйынга Армениянын премьер-министри Николь Пашинян, Беларустун өкмөт башчысы Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин жана Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов катышат.
Байкоочу өлкө катары Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов жана онлайн байланыш аркылуу Кубанын премьер-министри Мануэль Марреро Крус катышмакчы.

Жыйындын күн тартибинде уюм ичиндеги соода кызматташтык, төлөмдөр жана башка маселелер талкууланат.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.