«Бишкекжарык» ишканасынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, ишкананы текшерүү учурунда товардык-материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги аныкталып, анын чыгымы 27 миллиондон ашуун сомду түзгөн.

Прокуратура «Кызматтык абалынан кыянат пайдалануу» (337), «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» (210) беренелеринин негизинде иш козгоду. Тергөө уланууда.

Буга чейин журналисттер Али Токтакунов жана Болот Темиров аталган ишканага байланыштуу тендерлерди ишкананын ошол кездеги жетекчиси Алымбек Абдылдаевдин туугандары жана жакындары утуп алганы айтылган иликтөө жарыялашкан.

Мурдагы өкмөт башчы Улукбек Марипов “Бишкекжарыктын” жетекчисин тендер жана жүрүм-туруму үчүн сындаган.

Экинчи тарап Башкы прокуратуранын билдирүүсү тууралуу комментарий бере элек.