1-январдан тартып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер кызматкерлеринин айлыгы көбөйөт.
Ведомство башчысы Бообек Ажикеев билдиргендей, кызматкерлердин маянасын 50 пайызга
көтөрүү чечими кабыл алынды. Бул максатта 2022-жылдын бюджетинен 312,5 миллион сом
каралды. Учурда башкармалыктын башчыларынын оклады 12 миң сомду түзөт.
Бөлүмдөрдүн улук офицерлеринники 9 миңге жетпейт.