Кыргызстанда эл каттоо үчүн 3 миң ноутбук даярдалды

Кыргызстанда эл каттоо үчүн 3 миң ноутбук даярдалды.

Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей,

жабдуулар Улуттук статистика комитетине тапшырылды.

Аталган комитет «Каттоочуну каттоодон өткөрүү»

автоматташтырылган маалыматтык системаны иштеп чыкты.

Эл каттоого буга чейин дагы 50 миллион сомго планшеттер

сатылып алынган. Ал эми Калкты жана турак жай фондун

каттоо 23-марттан 10-апрелге чейин республика боюнча өтөт.