Боом капчыгайындагы кооптуу таштарды кулатуу иштери уланат.
Жумуштар 10-октябрдан 12сине чейин Бишкек—Нарын—Торугарт
унаа жолунун 132-чакырымында аткарылат. Андан улам, жол эртең
мененки саат 9дан 3кө чейин тосулат. Таштарды түшүрүү учурунда
унаалар өткөрүлбөйт. Жолду тазалоо маалында машинелер
бир тараптуу гана жүрө алат. Ушундай эле иштер
15-ноябрдан 19уна чейин дагы аткарылат.