Бишкек-Ош унаа жолу ачылды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен novosti.kgге билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн эртең менен аталган тилкенин
255-чакырымына бийиктиги 3, туурасы 12 метр көлөмүндөгү
кар массасы түштү. Жабыркагандар катталган жок. Мындан улам
Арал унаа өткөрүү түйүнү жабылган. Тазалоо иштери
аяктады, — дешти ведомстводон.