Жалал-Абад шаарындагы Жусупбек Бакиев көчөсүн оңдоо иштери уланууда.
Мэриянын маалыматына ылайык, курулуштун алкагында жолго асфальт төшөлүп,
ирригациялык тармакты өткөрүлүп, тротуар түшүрүлүп, көчө жарыгы орнотулат.
Жумуштарга байланыштуу тилкенин Токтогул — Айтматова көчөлөр бөлүгү кыймылга жабык.
Оңдоо иштерине жергиликтүү бюджеттен 35 миллион сом бөлүндү.
Иштерди ноябрга чейин аяктоо пландалууда.