Бишкекте 6 жаштан 14 жашка чейинки окуучулар арасында
шахмат боюнча президенттин кубогу башталды. Ага Кыргызстандын
бардык аймагынан келген 350 бала катышып, күч сынашууда.
Мелдеш ордо калаадагы мектептердин биринде өтүп жатат.
Турнир 14-ноябрда жыйынтыкталат.