Британиянын премьер-министри Борис Джонсон кызматтан кетерин жарыялады

Британиянын премьер-министри Борис Джонсон кызматтан кетерин жарыялады.

Бул тууралуу Би-би-си жазды.

Эске салсак, өлкөдө өкмөттүк кризис башталган — эки күндүн ичинде министрлер кабинетинен 50дөн ашык адам чыгып кеткен, анын ичинде Каржы жана Саламаттык сактоо министрлиги сыяктуу негизги ведомстволордун жетекчилери да бар.

Алар Борис Джонсонго ишенбөөчүлүктөрүн жана анын лидерлик ыкмаларына макул эместигин билдиришти.

Буга Лондон клубдарынын биринде мас абалында мушташ чыгарган тышкы иштер министринин Европа жана АКШ иштери боюнча мурдагы орун басары Кристофер Пинчердин айланасындагы жаңжал себеп болгон.

Кээ бир саясатчылар Борис Джонсон Кристофер Пинчердин кайгылуу өтмүшүн билген, бирок ошентсе да аны парламенттеги консерваторлор партиясынын координаторунун орун басарлыгына дайындаган дешет.