«Манас» аэропортунун жетекчилиги алмашты

Манас Самидинов «Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, бүгүн, 7-июлда, «Манас» аэропортунун директорлор кеңешинин отуруму болуп, анда башкы директор Бакыт Шаршеевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана Манас Самидиновду жетекчи кылып дайындоо чечими кабыл алынган.
Ачык булактардагы маалыматка ылайык, Самидинов буга чейин «Манас Менеджмент Компани» жабык акционердик коомунун директору болгон.
Бакыт Шаршеев «Манас» аэропортун 2022-жылдын февраль айынан бери жетектеп келгени белгилүү.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин ишенимдүү маалымат булагы Самидинов 1986-жылы туулганын маалымдады.