БШК январда өткөн президенттик шайлоого катышкан талапкерлерге күрөө акысын кайтарып берди.
Ар бир кандидат 1 миллион сомдон төккөн. Жалпысынан комиссиянын депозиттик эсебине 21 миллион сом түштү.
Мыйзамга ылайык, күрөө акысы 1 пайыздан кем эмес добуш алган катышуучуларга кайтарылат.
Шайлоо учурунда мындай талапкерлердин саны 7ни түздү. Калган акча мамлекеттик бюджетке которулду.