Лейлек жана Баткен райондорунан эвакуацияланган адамдардын саны  10 миңден ашты

Лейлек жана Баткен райондорунан эвакуацияланган адамдардын саны  10 миңден ашты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Ак-Сай, Кызыл-Жол жана Кевит айылдарынын тургундары коопсуз жерге чыгарылды.

 

Эвакуация учурунда 13 атайын техника жана ведомствонун 156 кызматкери иштеди. Андан тышкары, райондук Жарандык коргонуу кызматынын 60 кичи автобусу тартылды.

 

Жарандар мектептерге, мейманканаларга жайгаштырылды, айрымдары туугандарыныкына жөнөтүлдү.