БШК кайрадан өтө турган шайлоонун мөөнөтүн жокко чыгаруу боюнча чечим кабыл алат.
Бул тууралуу novosti.kgге Боршайкомдун өкүлү Гульнара Журабаева билдирди.
Анын айтымында, БШК бардык укуктук нормаларды эске алып, юристтерден кеп-кеңеш сурайт.
Эске салсак, буга чейин БШК кайрадан өтө турган шайлоонун мөөнөтүн 20-декабрга белгилеген.
Бирок кечээ Жогорку Кеңеш добуш берүүнү жылдырып туруу чечимин кабыл алды.
Тиешелүү документке президенттин милдетин аткаруучу кол койду.