Чек ара чырынан каза болгон кыргызстандыктардын саны 31ге жетти

Баткендеги кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан каза болгондордун саны 31ге жетти. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

 

«154 киши жабыркап, 31 киши каза тапты. Жабыр тарткандардын ичинен 121и жөнөкөй жарандар, 23ү күч органдарынын кызматкерлери», — деди Солтонбекова.

Анын айтымында, Бишкекке атайын борт менен дагы 24 киши дарылануу үчүн алып келинди.

 

Буга чейинки расмий маалыматтарда чек арадагы чырда 134 кыргызстандык жабыркап, алардын арасынан 13ү көз жумганы айтылып жаткан.