Азык-түлүк каатчылыгын чечүүгө чара көрбөсө, адамзат жакында массалык ачарчылыкка жана көзөмөлсүз миграцияга туш болот.
Тиешелүү билдирүүнү БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору Дэвид Бирли билдирди.
Анын айтымында, кризис учурда болуп көрбөгөндөй күч алды.
Бирли 2023-жыл планета үчүн азыркыга караганда алда канча кооптуу болот деп эсептейт.
Бул өзгөчө дүйнөнүн ар кайсы бурчунда азык-түлүктүн кымбатташына тиешелүү болору айтылды.