Түркияда үй изоляциясына жөнөтүлгөн бейтаптар смартфон аркылуу көзөмөлдөнүп жатат

Түркия бийлиги коронавирус жуктуруп, үй изоляциясына жиберилген жарандарды смартфон аркылуу көзөмөлдөөдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

 

«Коронавирус жуктургандардын үйдө изоляцияда болуусу вирустун жайылбоосуна чоң салым кошот. Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана уюлдук байланыш операторлору биргеликте коронавирусту жайылтпоонун алдын алуу үчүн ооруган адамды көзөмөлдөп турган жаңы программаны иштеп чыгышты. Долбоор мыйзам чегинде иштөөдө«, — деп билдирген өлкөнүн президенттик администрациясынын өкүлү.

 

Маалыматка ылайык, программанын жардамы менен бейтаптын кайда жүргөндүгүн телефону аркылуу көзөмөлдөй алат. Эгер ал көчөгө чыкса, телефонуна эскертүү СМС-билдирүү аркылуу келет жана изоляцияны сактоо тууралуу чалуу болот. Эгер бейтап эскертүүнү укпай, тартипти буза берсе, ал адам тууралуу маалымат укук коргоо органдарына берилип, тартип бузган адамга тиешелүү чара колдонулат.

 

Белгилей кетсек, 8-апрелге карата Түркияда 34 миң 109 адам коронавирус жуктуруп, анын 725и каза болду.