Милициянын кайгуул кызматы айып төлөө мөөнөтүн бузуу фактыларын аныктоо боюнча рейддерди өткөрүүдө.
Бизге ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, айып пулду төлөбөгөн айдоочулардын унаалары Кылмыш-жаза кодексинин 38-беренесине ылайык атайын жайга токтотулууда. Мындан улам, айдоочуларды жол эрежесин бузбоо жана эреже бузгандыгы үчүн айып пулду өз убагында төлөө сунушталат.
Кошумчаласак, соңку 3 айда жалпысынан унаа токтотуучу жайга 3 миңден ашык машине токтотулду.
Айыптар өндүрүлүүдө.