Бүгүн спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты башталды.
Ага Кыргызстандан 15 балбан катышат. Дене тарбия жана спорт
агенттигинен билдиришкендей, биздин балбандар экин жана
грек-рим күрөшү боюнча ат салышат. Алгачкылардан болуп
килем үстүнө Жоламан Шаршенбеков чыгат. Турнир
Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат.