Кыргызстанда кийинки айда күйүүчү май дагы кымбаттайт

Кыргызстанда кийинки айда күйүүчү май дагы кымбаттайт.

Товардын наркы төрт пайызга же эки сомго көтөрүлөт, — деди

Мунай ташуучулар ассоциациясынын директору Канат Эшатов.

Анын айтымында, мунайдын баасы биздин өлкөдө гана эмес

дүйнө боюнча жогорулап жатат. Андан тышкары, Россияда дагы

дүң баа көтөрүлдү. Ошол эле учурда мунай сатуучу компаниялар

кескин кымбаттоого жол бербөө аракетин көрүп жатышат.

Белгилеп кетсек, бүгүнкү күндө Бишкекте АИ-92 маркасындагы

бензиндин баасы 48 сом 50 тыйын болсо,

дизелдик отун 44 сом 50 тыйындан сатылууда.