Мамлекеттик ипотекалык компания иштеп баштагандан тарта 16 жарым миң адам үй менен камсыз болду

Мамлекеттик ипотекалык компания иштеп баштагандан тарта

16 жарым миң адам үй менен камсыз болду. Бул тууралуу аталган

компаниянын башкармалыгынын төрайымы Элмира Абжапарова билдирди.

Анын айтымында, компания ишин 2015-жылы баштагандан бери, алар тарабынан

4 жарым миңден ашык ипотекалык насыя каржыланып,  ага 5 миллиард

сом жумшалды, — деди Абжапарова. Кошумчаласак, бул жылы ипотекалык насыялар

800 миллион сомго берилип, 600 үй-бүлө турак жайга ээ болушту.