Жыл башынан бери өсүмдүк майынын баасы 40 пайызга жогорулады

Жыл башынан бери өсүмдүк майынын баасы 40 пайызга жогорулады.

Учурда Бишкекте бир литри 118 сом турат. Кумшекер 13 пайызга кымбаттап,

бүгүнкү күндө орточо баасы 50 сом. Бул тууралуу Монополдукка каршы агенттигинин

бөлүм башчысы Лариса Шустикова билдирет. Анын айтымында, май жана кумшекер

башка өлкөлөрдөн импорттолот. Бул негизинен Россия жана Казакстан.

Кумшекердин кымбатташы Россияда быйыл кызылчанын түшүмү аз болгонуна байланыштуу.

Ушундай эле жагдай өсүмдүк  майына да тиешелүү. Күн караманын да түшүмү азыраак.

Мамлекет бааларга байкоо жүргүзүүдө, бирок ага кийлигише албайт.

Мамлекеттик деңгээлде көзөмөлгө алуу чечими эгер товар бир айда 20 пайызга же

андан көбүрөөк кымбаттаса гана кабыл алынат.