Быйыл Кыргыстанда никеге туруп жана ажырашкандар көбөйдү

Быйыл Кыргыстанда никеге туруп жана ажырашкандар көбөйдү.

Улуттук статистика комитетинин демография бөлүмүнүн жетекчиси

Гульхумар Абдуллаева билдиргендей, быйыл январдан майга чейин

ЗАГС бөлүмдөрү өлкө боюнча 20 миң 315 никени каттады,бул, былтыркы

жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 1,6 эсеге көп. Ошондой эле

аталган мөөнөт аралыгында мыйзамдуу түрдө 3 миң 128 үй-бүлө ажырашса,

быйыл ушул мезгилде алардын саны, 4 миң 942ни түздү. Аймактар боюнча алсак,

биринчи орунда Бишкек, кийинкиде Чүй жана Ысык-Көл облустары турат.