Кыргызстанда бир жылда кумшекердин баасы дээрлик 1,5 эсе кымбаттады

Кыргызстанда бир жылда кумшекердин баасы дээрлик 1,5 эсе кымбаттады. Монополдукка каршы мамлекеттик комитеттин маалыматына ылайык, өткөн жылдын апрель айында азыктын килограммы 44 сомдон сатылса, 1 жылдан кийин анын баасы 65 сомго жетти.

 

Эске салсак, өлкөнүн кумшекерге бир жылдык керектөөсү 110 миң тоннаны түзөт.

 

Ата-мекендик өндүрүш анын 60 пайызын гана жаба алат. Калганы Россия, Белоруссия, Украинадан жеткирилет. Кумшекердин баасы өтүп кеткен жылдын күз айларынан тарта көтөрүлүп баштады. Бул аталган мамлекеттерде кант кызылчасынын түшүмү начар болгонуна байланыштуу.