Республикалык штаб өлкөдө карантин аяктаганга чейин ачылбай турган
объектилердин тизмесин түздү. Маалым болгондой, бардык билим берүү
мекемелери окутууларды дистанттык нег изде уланта берет. Оюн-зоок мекемелер,
соода борбор, дүкөн, ири базар, кафе-ресторан, түнкү жана оюн клубтары,
театр, музей жана кинотеатрлар ачылбайт. Ошол эле учурда
азык-түлүк дүкөндөрү жана тиричилик товарлары сатылган
базарлар, дарыканалар өз ишин уланта берет.