Хабиб Нурмагамедов Россиянын ийгиликтүү жылдыздарынын рейтингинде биринчи орунду ээледи.
Forbes басылмасынын изилдөөсүнө ылайык, UFCнин мурдагы чемпиону бир жылда 12 миллион
доллар киреше тапты. Экинчи орунда рэп ырчысы Алишер Моргенштерн. “Ленинград” тобунун
мурдагы лидер Сергей Шнуров 5-орунда. Алтынчы сапта хоккей спортчусу
Александр Овечкин болсо, 9-орунда футболчу Артем Дзюба жайгашты.