Быйыл Кыргызстанда окуу жылы салттуу негизде аяктайт.
2020-21-окуу жылы 25-майда жыйынтыкталат, — деп билдиришти
Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан. Ал эми 9 жана
11-класстардын бүтүрүүчүлөрү 2-июндан 12сине чейин жыйынтыктоочу
мамлекеттик аттестациядан өтүшөт. Эске салсак, былтыркы
окуу жылы 5 күнгө узартылып, 30-майда аяктаган.