Билим берүү министрлиги Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн босого баллды бекитти

Билим берүү министрлиги Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн

босого баллды бекитти. Ведомство маалыматына ылайык, бюджетте окугусу келгендер

ЖРТдан 110 баллдан жогору алышы керек. Ал эми келишимдик негизде билим ала

тургандардын баллы 105 болсо, предметтик тестирлөө 60 баллдан жогору болушу шарт.

Эске салсак, быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 44,5 миң адам катышты.

Катышуучулардын орточо баллы 120 баллды түздү