Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу июлда өтөт

Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу июлда өтөт.

Салтка айлангандай ал үч этапка бөлүнөт. Билим берүү министрлигинин

маалыматына ылайык, биринчи тур 12синен 17сине чейин болсо, экинчи тур

19унан 23үнө чейин созулат. Акыркы этап 26сынан 31-июлга чейин. Эске салсак,

бардык процедура “Абитуриент онлайн” сайтында жүргүзүлөт. Бүтүрүүчүлөр

документтерин ЖРТнын жыйынтыгына жараша тапшырышы керек.