Ушул жылы өтүүчү жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча 2 предмет кошулду

Ушул жылы өтүүчү жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча 2 предмет кошулду.

Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, абитуриенттердин 70 пайызы тестти кыргыз тилинде тапшырат.

Буга байланыштуу кошумча кыргыз тили жана адабияты предмети киргизилди.

Ошондой эле орус тили жана адабияты сабагы кошулду. Бул филология же

гуманитардык багытына тапшырууну каалагандар үчүн. Эске салсак,

жалпы республикалык тестирлөө 15-20-майда өткөрүлөт.