Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды.

Спортчу 76 килограмм салмакта алгач казакстандык балбанды 6:1 эсебинде утту, андан кийин

монголиялык спортчуну 6:0 жана кореялык балбан кызды 10:0 эсебинде жеңди. Медет кызы

финалдык кармашууда килем үстүнө чыгып, казакстандык спортчуга жеңилип калды.

Аталган чемпионатка Айсулуу Тыныбекова жана Назира Марсбек кызы катышууда.

Ал эми Мээрим Жуманазарова алтын, Нураида Анаркулова коло медаль жеңип алды.

Азия биринчилиги 18-апрелде Алматыда жыйынтыкталат