Быйыл Ысык-Көлгө эс алууга өлкө аймактарынан 109 миң турист келди

Быйыл Ысык-Көлгө эс алууга өлкө аймактарынан 109 миң турист келди.

Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка караганда,

быйыл туристтик сезон маалында курорттук ден-соолукту чыңдоочу жайлардан

болгону 30 миллион 800 миң сом чогулду. Ал эми былтыр ушул эле мөөнөт

аралыгында 68 миллион 700 миң сом топтолгон. Бул эс алуучулардын

саны аз болгонуна байланыштуу. Буга чек аралар жабык болгону себеп.