Сары-Челек көлүнө барчу жол ачылды

Сары-Челек көлүнө барчу жол ачылды.

Коруктун директору Эрнис Токобаев билдиргендей, жол жылда май айында ачылчу.

Быйыл карантинге байланыштуу кечикти. Ошондой эле пандемиядан улам

туристтердин саны кыскарышы ыктымал. Былтыр 18 миңден туристтин саякаттоосунан

коруктун эсебине 2 миллион 270 миң сом киреше түшкөн. Муну менен Кызыл-Туу айылынын

100гө жакын тургуну жумуш менен камсыздалчу. Быйыл туристтердин

саны азайгандыктан жумушчуларга да муктаждык жок.