Былтыр Кыргызстандагы театрларды оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттен 323 миллион
сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын ичинде Бишкектеги филармония, опера жана балет театры, Кыргыз жана
орус драма театрлары оңдоп-түзөөдөн өттү. Мындан тышкары аймактардагы Ош,
Баткендеги маданият үйлөрү жана Кочкордогу кинотеатр жаңыланды, — деп айтылат маалыматта.