Бишкекте Үсөнбаев тилкесинин бир бөлүгү кыймылга жабылды.
Калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришкендей,
жолдун Бөкөнбаев көчөсүнөн Токтогулга чейин кыймыл чектелет.
Бул жерде “Бишкек асфальт сервис” ишканасынын кызматкерлери
капиталдык оңдоп-түзөө иштерин башташты. Мындан улам
айдоочуларга башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.