Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил бак 9-майда ачылат

Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил бак 9-майда ачылат.

Анын жалпы аянты 10 гектарга жакын. Анда 120 унаага ылайыкташкан

токтотмо жай бар. Мындан тышкары паркта веложолчо курулат.

Ушул айдын аягында асфальт төшөлүп баштайт. Эс алуу багынын

борборуна СССРдин баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги

орнотулмакчы. Учурда монументтин 80 пайызы даяр. Мындан тышкары

«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери

көрктөндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.