Коргоо министрлигинен Лейлек районундагы аскер шаарчасынын курулушу боюнча түшүндүрүп беришти

Коргоо министрлигинен Лейлек районундагы аскер шаарчасынын курулушу боюнча түшүндүрүп беришти. Буга чейин ММКларда президент капсула салгандан кийин эле, курулуш иштери токтоп калганы боюнча маалымат тараган.

 

Аскердик ведомстводон билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата жер тилкесин трансформациялоо боюнча иштер жүрдү, андан кийин долбоордун сметалык документтери даярдалып жатат. Учурда министрлик аткаруучу каомпанияны аныктоодо, андыктан, курулуш активдүү жүргөн жок.

 

Мамлекеттик бюджеттен курулушка каражат каралган, сумма этап менен бөлүнөт.