«Манас» театрынын жаңы корпусунун имараты ачылды

Кыргыз улуттук «Манас» театрынын жаңы корпусунун имараты ачылды. Театр 2021-жылдын сентябрында «Манас» эпосун, ошондой эле чакан эпосторду жана манасчылардын, дастанчылардын чыгармачылыгын сактоо, жайылтуу жана илгерилетүү максатында түзүлгөн.

 

Президенттин Жарлыгы менен 2022-жылы театрга улуттук макамы берилген.

 

Жаңы театрдын имаратынын курулушу 2022-жылы жайында башталган. Эки кабаттуу объекттин жалпы аянты 1 миң 600 чарчы метрди түзөт. Имаратта кенен кийим алмаштыруучу бөлмөлөр жана 300 орундуу концерттик зал бар.