Чүй облусунда 8 гектар жерге ири мал базар ачылат

Чүй облусунда 8 гектар жерге ири мал базар ачылат. Долбоорго ылайык, бүтүндөй комплекс курулуп, анда санитардык жана ветеринардык өткөрүү түйүндөрү, малды жүктөө жана түшүрүү эстакадалары, 700 унаага парковка орун алат.

 

Жалпысынан соода аянты 700 баш малга эсептелет. Эске салсак, бүгүнкү күндө Кыргызстанда                  36 мал базар бар. Алардын көбү Ош облусуна туура келет — 17,  ал эми Чүй, Бишкекте болгону 5 мал базар бар.