Экологдор Ысык-Көлдө суунун сапатын текшерет

Экологдор Ысык-Көлдө суунун сапатын текшерет. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, көлдүн суусу бардык нормаларга жана талаптарга жооп береби же жокпу текшериш үчүн проба  24 түйүндөн алынат. Кошумчалап кетсек, Ысык-Көл суусу жылына 3 ирет текшерилет – туристтик сезонго чейин, жайында бир жолу жана сезон аяктагандан кийин.