Ысык-Көл облусунун Тоң районунда бала бакча пайда болот.
Курулуш иштери Ак-Өлөң айылында башталды. Мектепке чейинки даярдоо
мекемеси 100 балага чакталат, — дешти Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан.
Жаңы бакчада бөбөктөрдүн сапаттуу билим алышына бардык шарттар түзүлөт.
Курулуш иштерине фонддун эсебинен 43 миллион сом багытталат.
Буга чейин аталган аймакта бакча болгон эмес.