Талас шаарында жаңы бала бакча ачылды.
Облустук администрациядан билдиришкендей,
мектепке чейинки даярдоо мекемеси 70 орунга чакталган.
2 кабаттуу объектте балдар үчүн бардык шарттар каралды.
Белгилеп кетсек, курулуш иштерине каражатты жеке
демөөрчү бөлүп берди. Так сумма айтылган жок.